Биз социалдык тармакта

"Коңгуроо" тасмасынын жылдызы Дэйви Чейз 35 жашында каза болду

Америкалык актриса Дэйви Чейз, дүйнөгө "Коңгуроо" коркунучтуу тасмасындагы Самара Моргандын ролу аркылуу таанылган, 35 жашында көз жумду.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, актриса 16-июнда каза болгон. Анын жакындары билдиргендей, Дэйви Чейз менингит жана канга тараган оор инфекциядан жабыркап жүргөн. Оорунун кесепетинен сепсис өрчүп, ички органдары иштебей калган. Буга чейин, июнь айында ал Лос-Анджелес шаарындагы ооруканага жаткырылган.

Дэйви Чейз 1990-жылы төрөлүп, чыгармачылык жолун бала кезинен баштаган. Аны дүйнөгө тааныткан эң белгилүү ролу — "Коңгуроо" тасмасындагы табышмактуу жана үрөй учурган Самара Моргандын образы болгон. Бул ролу үчүн ал “Эң мыкты терс каарман” наамындагы абройлуу сыйлыкка татыган.

Мындан тышкары, актриса "Караңгы дүйнөгө сапар" жана анын уландысы болгон тасмаларда, ошондой эле "Чоң сүйүү" сериалында роль жараткан.

Ал ошондой эле мультфильмдерге үн коштоо менен да кеңири таанылган. Айрыкча, "Лило жана Стич" мультфильминдеги Лилонун жана "Сыйкырланган рухтар дүйнөсү" анимациялык тасмасындагы каармандардын үнү көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Актрисанын эмгектери кино дүйнөсүндө өзгөчө из калтырып, миллиондогон көрүүчүлөрдүн жүрөгүндө сакталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан