Бишкек шаарынын Маевка айылында жаңы күрөш залы ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, спорттук комплекс жеңил конструкциялардан курулуп, коопсуздук жана функционалдуулук боюнча бардык талаптар сакталган. Анда кең спорттук зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, душ кабиналары, санитардык түйүндөр, машыктыруучунун кабинети, инвентардык бөлмө жана башка көмөкчү жайлар жабдылган.
"Жаңы спорттук объект балдар жана жаштар арасында күрөш, самбо жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болот",- деп жазылат маалыматта.