Камчыбек Ташиев интернет желесине тарап кеткен видео боюнча журналисттер тарабынан берилген суроолорду жоопуз калтырды.
Социалдык тармактарда Ташиевге байланыштуу видео тарап, ал коомчулукта талкуу жаратты.
Аталган видеодон Ташиевдин эгер ал камакка алынса, анын тарапташтары жол тосуп, баш аламандык кылышы мүмкүн экенин айтып жатканын көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, "75 адамдын каты" боюнча соттук отурум бүгүн да уланат.