Биз социалдык тармакта

Кыргызстан–Кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек ара тилкесиндеги айрым өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Кытайда белгиленүүчү “Дуаньу” (Ажыдаар кайыктарынын майрамы) майрамына байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен кабыл алынган.

Чектөөлөр төмөнкү өткөрүү пункттарына тиешелүү:

  • “Эркечтам” өткөрүү пункту 18-июнь күнү саат 22:00дөн тарта убактылуу жабылып, 20-июнда саат 08:00дө кайра ачылат.
  • “Торугарт” өткөрүү пункту 19-июнда толугу менен жабылып, 20-июнда саат 08:00дөн тарта ишин жандантат.

Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды жана жүк ташуучуларды бул убактылуу чектөөлөрдү алдын ала эске алууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан