Биз социалдык тармакта

"Аларды камаш керек!" Депутат Сыдыгалиев соңку окуялар боюнча пикирин айтты

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңешнин бүгүнкү жыйынында Камчыбек Ташиевге байланыштуу маселеге токтолду.

Ал тергөө жүрүшүнө баа бере албасын белгилеп, бирок оор кылмыш боюнча айып тагылгандарды камакка алуу зарыл деген пикирин айтты.

“Ташиевди 10у күнү жумуштан албаганда процесс башкача кетмек. Ташиевди жумуштан алганы үчүн кат туруп калды. 13үндө катты комитетке ким түшүргөн, аны да айтып коюш керек. 2 күндөн бери айтып жатам, тергөө кандай жүрүп жатканына мен баа бере албайм, бирок оор кылмыш боюнча айыпталып жаткандан кийин аларды камап анан тергөө жүргүзүш керек болчу. Алар күбө катары жүрөт”, - деди эл өкүлү.

Эске салсак "75чилердин каты" боюнча соттук процесс жүрүп жатат. Кийинки отурум 22-июнга белгиленген.

Депутат Сыдыгалиев соңку окуялар боюнча пикирин билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан