Биз социалдык тармакта

Кыргызстан АКШ менен Ирандын тынчтык келишимине жетишүүсүн кубаттады

Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен Ирандын ортосунда тынчтык келишимине жетишүүнү кубаттайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бардык катышкан тараптарга, анын ичинде Пакистанга активдүү ортомчулук аракеттери үчүн ыраазычылык билдирет. Ошондой эле тынчтык келишимине жетишүүгө салым кошкон тараптардын токтоолугу жогору бааланары белгиленди.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган нормаларына таянып, пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнү ырааттуу колдой турганын билдирди.

Алагөзов белгилегендей, тынчтык келишимине расмий кол коюу аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга өбөлгө түзөт деген үмүт бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан