Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө жер казынасын пайдалануудагы мыйзам бузуу боюнча иш козголду (видео)

Ысык-Көл облусунда кум-шагыл аралашмасын жана кумдуу чопону казып алууга уруксат берүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым кызмат адамдары күбөлүктөрдү мыйзамсыз берип, анын негизинде жер казынасын пайдаланууга уруксат документтери таризделген. Ошондой эле казып алуу иштеринде тоо-кен тилкелеринин чегинен чыгуу фактылары катталып, жердин түшүмдүү катмарына зыян келтирилди.

Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке 14,2 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги кошумчаланды.

Бул иш боюнча Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын мурдагы биринчи орун басары Д.М. кармалып, тергөө уланууда.

Ысык-Көлдө жер казынасын пайдалануудагы мыйзам бузуу боюнча иш козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан