Нарын облусунун Баетов айылында заманбап спорт комплексинин курулушу уланууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 2224 чарчы метрди түзгөн спорт комплексинде 300 көрүүчүгө ылайыкталган спорт залы, күрөш залы, конференц-зал, машыктыруучунун кабинети жана спортчулар үчүн бардык шарттары каралган кийим алмаштыруучу бөлмөлөр болот.
Курулуш-монтаж иштерин "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Долбоор аймактагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, жаштардын спортко кызыгуусун арттырууга жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.