Биз социалдык тармакта

Бишкекте КМШнын ички иштер органдарынын VI Кеңешмеси жыйынтыкталды

Бишкек шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер органдарынын борбор калаалардагы бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин VI Кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө жаштар менен өспүрүмдөрдү кылмыштуу аракеттерге, баңгизаттарды таратууга жана алдамчылык схемаларга тартуунун алдын алуу маселелери каралды. Ошондой эле экстремизмге каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жасалма интеллект менен маалыматтык технологиялардын терс таасирлерин болтурбоо боюнча пикир алышуу болду.

Кеңешменин жыйынтыгында кызматташууну күчөтүүгө багытталган протоколго кол коюлуп, эл аралык укук коргоо кызматташтыгына салым кошкон катышуучулар сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан