Биз социалдык тармакта

Бишкекте автоматка окшош оюнчук менен жүргөн жаран жоопкерчиликке тартылды

Социалдык тармактарда адамдарды көздөй автоматка окшош буюмду багыттап турган жарандын видеосу тарагандан кийин Бишкек шаары боюнча милиция тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында видеодогу жаран аныкталып, колундагы буюм чыныгы курал эмес, оюнчук экени такталган. Ошондой эле анын аракеттери айланадагылар үчүн коркунуч жаратпаганы белгилүү болду.

Бирок мындай көрүнүштөр жарандардын кооптонуусун жаратып, коомдук коопсуздукка шек келтириши мүмкүн болгондуктан, ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого жана коомчулукта дүрбөлөң жаратышы мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан