Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жайкы музыкалык кечелер уланууда. 19-июнда көрүүчүлөр үчүн «Кыргыз Руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли концерт тартуулайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июнда болсо «Доор» фольклордук ансамбли жана «Сувенир» орус ыр-бий ансамбли өнөр көрсөтөт. Программада элдик ырлар, бийлер жана улуттук маданиятты чагылдырган чыгармалар орун алат.
Музыкалык кечелер ар жума жана ишемби күндөрү саат 19:00дө өтөт.