Бүгүн Кыргыз Республикасынын Алыш бел боо күрөшү боюнча Улуттук федерациясы белгилүү ырчы Анжеликага федерациянын вице-президенти экенин тастыктаган расмий күбөлүк тапшырды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Федерация өкүлдөрү бул чечим улуттук спортту өнүктүрүүгө, ошондой эле алыш күрөшүн кеңири жайылтууга багытталганын белгилешкен.
Өз кезегинде Анжелика бул ишенимди чоң сыймык жана жоопкерчилик катары кабыл аларын айтып, улуттук спортту колдоону улантарын билдирди.
Ошондой эле ал 1-2-август күндөрү Ош шаарында Курманжан датканын элесине арналган кыз-келиндер арасындагы “Алыш” бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөрүн маалымдады.
Бул иш-чара улуттук күрөштү өнүктүрүүгө жана аялдар спортун колдоого багытталган.