Президент Садыр Жапаров 18-июнда Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөн “Ысык-Көл эл аралык форумунун” ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы форумду улуу жазуучу Чынгыз Айтматов негиздеген интеллектуалдык салттын уландысы катары баалап, бул аянтча дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү диалог экенин белгиледи.
Президенттин айтымында, Ысык-Көл форуму Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосунда жаңы цивилизациялык диалог түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал климаттык өзгөрүү, жасалма интеллекттин тобокелдиктери жана адамзаттын руханий баалуулуктарын сактоо маселелери бүгүнкү күндүн эң курч чакырыктары экенин айтты.
Форумдун алдында Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын Президенти Байрам Бегай Ысык-Көл жээгинде комуз формасындагы пирсте сейилдеп, конокторго кыргыз күүлөрү тартууланды. Албаниянын президентине салттуу комуз белекке берилди.
Иш-чарага дүйнөгө белгилүү илимпоздор, жазуучулар жана маданият өкүлдөрү, анын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаттары жана эл аралык эксперттер катышууда. Алардын арасында Мо Янь, Ван Мэн, Питер Франкопан сыяктуу инсандар бар.
Форумдун жыйынтыгында “Ысык-Көл декларациясы” кабыл алынып, дүйнөлүк тынчтык, гуманизм жана жоопкерчилик маселелери боюнча биргелешкен сунуштар иштелип чыгары күтүлүүдө.
Ошондой эле форум менен катар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Медиафоруму да өтүүдө.