Канада курама командасынын оюнчусу Исмаэль Коне Катарга каршы өткөн оюнда олуттуу жаракат алды.
Оюндун 51-мүнөтүндө Катардын жарым коргоочусу Ассим Мадибо Конеге каршы өтө одоно эреже бузуу жасады.
Башкы калыс Кристиан Гарай дароо оюнду токтотуп, Мадибого сары айып кагазын көрсөттү. Канаданын негизги жана запастагы футболчулары жаракат алган командалашын камералардан калкалап турушту. ВАРды карап чыккан соң калыс чечимин өзгөртүп, Мадибого кызыл айып кагазын берип, оюндан четтетти.
Конени оюн талаасынан замбил менен чыгарып бара жатканда күйөрмандарынын колдоосуна татыды. Анын ордуна кирген Натан Салиба 64-мүнөттө гол киргизип, Коненин футболкасын көрсөтүп, голду ага арнады.
Канаданын жаракат алган оюнчусу сол бутун сындырып алган болушу мүмкүн. Азырынча так маалымат бериле элек.