Мексиканын улуттук курама командасы 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-офф баскычына чыккан алгачкы команда болду.
Бул ийгиликти Mексика А тайпасынын экинчи турундагы оюнда Түштүк Кореянын курамасын 1:0 эсебинде жеңгенден кийин камсыздады. Эки оюндан кийин Мексика 6 упай топтоп, тайпада биринчи орунду камсыздады.
Беттеш Мексиканын Сапопан шаарындагы "Акрон" стадионунда өттү. Оюнду уругвайлык Густав Техер жетектеген калыстар тобу тейледи.