Кечээ, 18-июнда Ош шаарында үйдү бузуу иштеринин жүрүшүндө 12 жаштагы кыз жабыркады.
Маалым болгондой, атайын техника курулуштарды сүрдүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда дубалдардын бири урап, анын алдында кыз калып калган.
Жабырлануучу Ош облустук ооруканасына жеткирилди. Кырсыктаган кыз жабык баш мээ жаракатын алган. Учурда абалы туруктуу экендигин ооруканадан билдиришти.