Сокулукта 25 жаштагы Максим Давыдов дайынсыз болуп, изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызмат билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 12-июнда Сокулуктагы Маловодное айылында жайгашкан психоневрологиялык диспансерден чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Давыдовдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат билген жарандар төмөнкү номерлерге кайрылса болот:
- 0558 86-14-86
- 0313 45-33-80