Бишкек шаарында массалык уулануу катталып, жалпы 37 адам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылды.
Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев SUPER.KG порталына билдиргендей, ууланып кайрылган бейтаптар кечээ, 18-июнда саат 12:00дөн баштап ооруканага келип түшө баштаган. Ал эми акыркылары бүгүн, 19-июнда саат 8:00дө келишти.
"Бейтаптардын 27си дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилди. Ал эми оор деп эсептелген 10 бейтап ооруканага жаткырылды. Алардын бири жандандыруу бөлүмүндө. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар оливье салатынан ууланган болушу мүмкүн",- деп билдирди дарыгер.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар Бишкектин Арча-Бешик конушундагы "Абдуллах ибн Масъуд" атындагы медресенин тарбиялануучулары.