Биз социалдык тармакта

Манас шаарында катуу шамалдан эки адам жабыркады

Манас шаарында кечээ, 18-июнда катталган катуу шамалдын кесепетинен төрт дарак сынып, эки адам жабыркады. Алардын абалы канааттандырарлык экенин ӨКМдин Жалал-Абаддагы башкармалыгы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, калаадагы катуу шамалдан 7 көп кабаттуу турак үйдүн чатыры жабыркаган. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын айынан 8 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14 кызматкер, 1 бирдик АСМ, 3 бирдик мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматтарынан 65 адам, 8 атайын жана инженердик техникалар тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан