Кыргызстандын белгилүү суучулу Денис Петрашов АКШда өткөн абройлуу "TYR Pro Series" эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.
Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүү боюнча финалдык жарышта кыргызстандык спортчу дистанцияны 2 мүнөт 9,16 секундда аяктап, бардык атаандаштарын артта калтырып, марага биринчи болуп жетти.
Бул мелдешке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 46 спортчу катышты.