ӨКМдин Таластагы башкармалагы кабарлагандай, кечээ, 18-июнда нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Талас жана Айтматов райондорунда сел жүрдү.
Билдирүүгө ылайык, Талас районунун Кара-Ой айылындагы эки турак жайдын короолорун жана бир турак үйдүн жер төлөсүн суу каптаган. Келтирилген чыгымды тактоо боюнча иштер эртең жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте улантылат.
Алдын ала маалымат боюнча, селден жабыркагандар жок.