Ысык-Көлдөгү Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында ири курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, инвесторлор мейманканаларды, апартаменттерди, ресторандарды жана туристтер үчүн зарыл болгон башка инфраструктуралык объекттерди курууга киришишти.
"Үч этаптан турган аукциондун жыйынтыгында Жыргалаңда 39 инвестициялык лот ийгиликтүү сатылды. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, ар бир инвестор өзүнө бөлүнгөн жер тилкесинде курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүүгө милдеттүү",- деп айтылды маалыматта.
Маалымат үчүн: "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин курулушу былтыр август айында башталган. Ал Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын камтыйт. “Ала-Тоо Резорт” ишке берилсе, ал Кыргызстандагы эң ири туристтик борборлордун бири болуп, тоо туризмин өнүктүрүүгө чоң салым кошору күтүлүүдө.