Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургдагы өзү билим алган университеттин Ардактуу доктору болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусияга иш сапары менен барып, Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде "Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү" темасында лекция окуду.

Президенттик администрациясы билдиргендей, Касымалиев бул жогорку окуу жай менен анын өмүрүндө жана кесиптик калыптануусунда маанилүү баракчалар байланышканын белгиледи.

"Кырк беш жыл мурун дал ушул аудиторияларда менин экономикалык процесстерди, мамлекеттик башкаруунун ролун жана эл аралык кызматташуунун маанисин түшүнүүм калыптанган",- деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы студенттерге кайрылып, алар алган билим жөн гана кесиптик карьеранын негизи эмес, мамлекеттердин, коомдордун жана бүткүл евразиялык мейкиндиктин келечегин калыптандырарын белгиледи. Лекциянын алдында Касымалиевге Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин Ардактуу доктору наамы тапшырылды.

Маалымат үчүн: Министрлер кабинетинин төрагасы 1984-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан