Биз социалдык тармакта

Ош көчөсүндөгү "снос" иштерине нааразычылыгын билдиргендердин видеосу тарады

Ош шаарында кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, учурда иштер аэропортко алып баруучу Ош көчөсүндө жүргүзүлүп жатат.

Социалдык тармактарда тараган видеолордон айрым жергиликтүү тургундар курулуштарды бузуп жаткан жумушчулардын ишине тоскоолдук жаратып, нааразычылык билдирип жатканы көрүнөт. Кадрларда айрым адамдардын чатырларга таш ыргытып жаткан учурлары да тартылган.

Бул көрүнүш коомчулукта жумушчулардын коопсуздугу боюнча суроолорду жаратып, аларды ким коргой турганы тууралуу талкууларды күчөттү.

Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү видеодо чагылдырылган окуя боюнча расмий комментарий бере элек.

Ош көчөсүндөгү бузуу иштерине карышы чыккандардын видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан