Биз социалдык тармакта

Синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелип 18 жаштагы студент кармалды (видео)

Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелип 18 жаштагы жигит кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, шектүү кармалгандан кийин жашыруун жайлардын орундарын көрсөтүп, ал жерлерден 29 түйүнчөк табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө аныкталгандай, кармалган жаран жогорку окуу жайлардын биринин студенти болуп саналат. Буга чейин аталган окуу жайда баңгизат кылмыштарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелип 18 жаштагы студент кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан