Манас шаарындагы 500 орундуу №13 мектептин курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде курулуп жаткан билим берүү мекемеси 5 блоктон турган үч кабаттуу имарат болот. Долбоор боюнча мектепте заманбап окуу класстары, китепкана, 322 орундуу жыйындар залы, ашкана жана спорт зал каралган.
Учурда курулушта 60 жумушчу эмгектенип жатат. Биринчи кабаттын дубалдары толугу менен тургузулуп, үчүнчү кабаттын монолиттик иштери соңуна чыгып калды.
Курулуш иштеринин сапаты тиешелүү кызматтар тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүүдө.