Чолпон-Ата шаарында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу жайларында, конок үйлөрдө жана май куюучу станцияларда курулуш мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы жүргүзгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын жыйынтыгында курулуш иштеринин уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы жана техникалык талаптар сакталбаганы белгилүү болду.
Аталган мыйзам бузуулар үчүн жеке ишкерлерге жана компанияларга жалпы 1 миллион 53 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары кемчиликтерди жоюу жана объектилерди мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.