Биз социалдык тармакта

Аалы Токомбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан ачылды

Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаалар үчүн кайрадан ачылды.

Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, учурда кесилиште бардык зарыл болгон жол белгилери орнотулуп бүттү. Ал эми жол чийиндери аба ырайынын шарттары жакшыргандан кийин түшүрүлөт.

Муниципалитет айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, белгиленген ылдамдык режимин бузбоого жана бул тилкеде өзгөчө этият болууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан