Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Пакистан кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов менен Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жогорку деңгээлдеги алдыдагы жолугушуулардын графиги, эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды өткөрүү маселелери каралды. Ошондой эле тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктери белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан