Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Албаниянын президенти Байрам Бегай жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда парламенттер аралык байланышты чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле билим берүү, туризм жана маданият тармактарындагы алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.
Маматалиев Кыргызстан менен Албания ортосунда түз аба каттамын ачуу сунушун берсе, Бегай бул демилгени колдоп, эки өлкө ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле тараптар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана студенттерди алмашуу программаларын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.