Анкара шаарында Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен Түркиянын айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн өкмөттөрү шаар куруу тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Документ “Түркиянын Курулуш саммити – 2026” иш-чарасынын алкагында бекитилди.
Тараптар курулуш, инфраструктура жана инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү, ошондой эле заманбап шаар куруу ыкмаларын киргизүү маселелерин талкуулашты.
Бул макулдашуу Кыргызстан менен Түркия ортосундагы архитектура, аймактык пландоо жана туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарары белгиленди.