Белгилүү америкалык актриса Энн Хэтэуэй социалдык тармактар аркылуу жакында кайрадан эне болорун жарыялады.
43 жаштагы жылдыз кош бойлуу экенин кыска видео менен көрсөтүп, анда анын курсагы билингени көрүнөт. Ал актёр жана ишкер Адам Шульман менен үй-бүлө курган. Жубайлар 2012-жылдан бери бирге түтүн булатышып, эки уулду тарбиялап келишет.