Ош шаарында коомдук транспорттун кыймыл багыттарын жаңылоо маселеси боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйында шаар кеңейип, калктын саны өскөндүктөн жаңы конуштар жана көчөлөр пайда болуп, элдин жүрүү багыттары өзгөргөнү белгиленди. Ошол себептүү учурдагы автобус жана маршруттук каттамдар толук талапка жооп бербей жатканы айтылды.
Азыр Ош шаарында 38 маршруттук каттам, 11 муниципалдык автобус багыты жана троллейбустар иштеп келет. Комиссия бардык каттамдарды талдап чыгып, шаардык транспорт системасын жаңылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат.