Биз социалдык тармакта

Үч-Терек–Жетиген жолунда олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек–Жетиген унаа жолунун оңдоо иштерине жүргүзүлгөн текшерүүдө курулуш нормаларынын олуттуу бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Адистердин текшерүүсү жана лабораториялык үлгүлөрдүн жыйынтыгында асфальт-бетон катмары долбоордук талаптарга шайкеш келбей жасалганы белгилүү болду. Тактап айтканда, айрым тилкелерде асфальт түздөн-түз топурактын үстүнө төшөлүп, негиз катмар даярдалган эмес.

Мындан тышкары асфальттын калыңдыгы талаптагы 7 сантиметрдин ордуна айрым жерлерде 3–5 сантиметр гана экени аныкталган. Бул жолдун айрым участокторунда бузулуу жана жылышууларга алып келген.

Жыйынтыгында подряддык уюмга кемчиликтерди толук жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Ошондой эле ДЭП-30 ишканасына 200 миң сом айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан