Аламүдүн капчыгайында сууга түшүп кеткен унаанын ичиндеги адамдарды жарандар куткарып калышты. Окуянын видеосу интернет желесине тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Тасмада кырсык болгон жердеги жарандар эч кандай атайын кызматтарды күтпөстөн, дароо жардамга киришкенин көрүүгө болот. Алар муздак жана агымы катуу болгон сууга карабай, унаадагы адамдарды коопсуз жерге алып чыгышты.
Күбөлөрдүн айтымында, мөңгүдөн келген суунун муздактыгына туруштук берүү оңой болгон жок. Ошого карабастан, жардам берүүгө ашыккан адамдардын катары үзүлгөн эмес.
Окуя социалдык тармактарда кеңири талкууланып, көпчүлүк жардамга кол сунган жарандардын кайраттуулугуна жана кайдыгер эмес мамилесине жогору баа беришүүдө.
Азырынча окуя боюнча расмий маалымат бериле элек.