Кыргызстандын белгилүү ММА мушкери Уран Сатыбалдиев сүйүктүүсү Нуриза менен турмуш жолуна аттанганы турат. Бул тууралуу спортчунун жакындары билдирди.
Кечээ, 19-июнда Оштогу тойканалардын биринде болочок жубайынын ата-энесинин ак батасын алып, кыз узатуу аземи өткөрүлдү. Салтанатка эки жаштын жакындары жана туугандары катышты.
Жакындарынын айтымында, үлпөт той 22-июнда Ош шаарындагы ресторандардын биринде өтөт.
Күйөрмандары жана жакындары жаш түгөйлөргө бакыт каалап жатышат.
Белгилей кетсек, Сатыбалдиев UFC уюмунун жарым оор салмактагы дивизионунда күч сынашкан алгачкы кыргызстандык мушкерлердин бири болуп саналат. Анын кезектеги беттеши 25-июлда Абу-Дабидеги "UFC Fight Night 282" турниринде америкалык Дастин Жейкоби менен өтөт.