Биз социалдык тармакта

Наам жана сүйүү... Аскер институтунун бүтүрүү кечеси өзгөчө көз ирмемдерге толду (видео)

Бүгүн, 20-июнда Бишкек шаарындагы Усубалиев атындагы эски аянтта Аскер институтун аяктаган бүтүрүүчүлөргө диплом жана алгачкы "лейтенант" аскердик наамын тапшыруу аземи болуп өттү.

Быйыл институтту 80 бүтүрүүчү аяктап жатат. Алардын ичинен 7 курсант артыкчылык дипломун алса, үчөө президенттин стипендиясына ээ болушту.

Салтанаттуу азем офицердик вальс менен коштолду. Кеченин өзгөчө учурларынын бири катары төрт бүтүрүүчүлөрү сүйлөшкөн кыздарына сүйүүсүн билдирип, колун сурашты.

Бул көз ирмемдер көрүүчүлөрдүн жылуу кол чабуусуна ээ болду.

Аскер институтунун бүтүрүү кечеси өзгөчө көз ирмемдерге толду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан