Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев кыргыз-орус мамилелери ар кайсы багыттар боюнча чыңдалып жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал "Номад" телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда экономикалык жана гуманитардык кызматташтык өнүгүүдө. Аны Орусиянын лидери Владимир Путин дагы жакында эле белгилеп өткөнүн кошумчалады.
Мындан тышкары маалыматтык өз ара аракеттенүү да мыкты жыйынтык көрсөтүп жатканын белгилеп, мындай демилгелердин бири катары "Номад" долбоорун атап өттү. Долбоор эки элдин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө, жалпы тарыхый мурастарды жайылтууга жана маалымат алмашууну күчөтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.