Биз социалдык тармакта

Өлкө боюнча рейдде 3700дөн ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкө аймагында өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө жол эрежелерин бузган 3704 учур катталды.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анын ичинде 85 айдоочу мас абалында унаа башкарган, 184 айдоочу каршы тилкеге чыккан, 482 жаран тиешелүү документтери жок транспорт башкарган жана 281 учур ылдамдыкты ашыруу фактысы аныкталды. Ошондой эле 4 автоээнбаштык фактысы катталып, 352 унаа айып короого токтотулду.

ИИМ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана мас абалында рулга отурбоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar1980
2026-06-21 10:38:00
Негизинен мас айдочуларда тыйганы жакшы бирок кечинде Дпс кызматкерлери токтотту жаман жери гигиена жок экен 1 алько тесторду биринен алып бирине үйлөтүп жатышат балким жугуштуу оорулар болушу толук мумкун да ошону карап койушсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан