Бүгүнкү күндө жарандарды майыптуулукту аныктоо үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияга (МСЭК) жөнөтүү процесси толугу менен электрондук система аркылуу ишке ашырылууда.
Эмгек министрлиги билдиргендей, жолдомо бейтап катталган Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы врачтык-консультациялык комиссиянын чечиминен кийин гана жөнөтүлөт. Системага жарандын текшерүүдөн өткөн, такталган медициналык маалыматтары жана анализ жыйынтыктары киргизилет.
"Бардык документтер дарыгерлердин электрондук санариптик кол тамгалары менен бекитилип, андан соң МСЭКке жөнөтүлөт. Комиссия чечимди электрондук системадагы расмий медициналык маалыматтардын негизинде кабыл алат. Бул маалыматтарды өзгөртүүгө же жасалмалоого жол берилбейт", - деп белгиленген маалыматта.