Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык Муртазали Магомедов UFCде дебютун жеңиш менен баштады

Кыргызстандык жеңил салмактагы мушкер Муртазали Магомедов UFCдеги дебюттук беттешинде ишенимдүү жеңишке жетишип, сейрек кездешүүчү ыкма менен беттешти эрте токтотту.

UFC Vegas 119 турниринде ал армениялык Мелсик Багдасарян менен беттешип, биринчи раунддун ичинде эле жеңишке жетти. Магомедов алгач күрөшкө өткөрүп, андан соң тарыхта сейрек колдонулган twister ыкмасын ийгиликтүү аткарып, атаандашын багындырды. Бул ыкма UFC тарыхында болгону төртүнчү жолу колдонулганы белгиленди.

Бул жеңиш үчүн кыргызстандык спортчу 100 миң доллар сыйлыкка ээ болду.

26 жаштагы Муртазали Магомедов мурда OCTAGON жана WEF Selection уюмдарында чемпион болгон. Ал UFCге 2025-жылдын сентябрында Дана Уайттын Contender Series турниринде жеңиш менен жолдомо алган.

Азыр анын рекорду 11-0 болуп, ал профессионалдык карьерасында жеңилүү көрө элек.

Кыргызстандык Муртазали Магомедов UFCде дебютун жеңиш менен баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан