23-июндан тарта иштер Васильевский тракт көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн тартып "Манас" эл аралык аэропортуна чейинки тилкесинде оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев жеринде маалымат берди.
Анын айтымында, реконструкция иштери этап менен айрым бөлүктөргө бөлүнүп жүргүзүлөт.
"Иштер жүрүп жаткан учурда жол толугу менен жабылбайт. Оңдолуп жаткан тилкеде көчөнүн бир тарабы гана убактылуу жабылып, унаа кыймылы жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат. Мындай ыкма транспорттук байланышты сактап, шаар тургундары жана коноктор үчүн ыңгайсыздыктарды азайтууга мүмкүндүк берет. Чектөө иштер жүргүзүлүп жаткан айрым тилкелерде реконструкция толук аяктаганга чейин этап-этабы менен киргизилип турат", - деп белгиледи мэр.