Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Япония Тунисти ири эсепте утуп, тайпада экинчи орунга чыкты

2026-жылдагы Футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун F тайпасындагы 2-турунда Тунис менен Япония курама командалары беттешти. Оюн Мексиканын Монтеррей шаарындагы стадиондо өттү. Башкы калыс катары румыниялык Иштван Ковач иш алып барды.

Япония курама командасы Тунисти 4:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алды.

Оюндун 6-мүнөтүндө жарым коргоочу Даити Камада эсепти ачса, 31-мүнөттө чабуулчу Аясэ Уэда эсепти 2:0гө чыгарды. 69-мүнөттө Дзюня Ито үчүнчү голду киргизди. Ал эми 83-мүнөттө Аясэ Уэда өзүнүн экинчи голун киргизип, матчтын акыркы эсебин аныктады.

1-турда Тунис Швециядан 1:3 эсебинде утулуп калган. Япония болсо Нидерланддар менен 2:2 эсебинде тең чыккан.

Тайпалык этап 11–27-июнь күндөрү өтөт. Ар бир тайпада командалар айлампа түрүндө үчтөн оюн өткөрүшөт.

Эскерте кетсек, Япония менен Тунис мундиалдардын тарыхындагы 1000-беттеште оюн көрсөтүштү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан