Биз социалдык тармакта

Нурдан Орунтаев курулуш менен кошо куруучулардан кабар алды (видео)

Бүгүн, 21-июнда курулуш министри Нурдан Орунтаев Кашка-Баш аймагындагы жаңы мектептин курулушун текшерип келди.

Бул жолу министр курулуш иштери менен гана таанышпастан, куруучулар менен түшкү тамактануу учурунда жолугушуп, алар менен бирге отуруп тамактанды. Ал негизинен объекттин жүрүшүн эмес, куруучулардын абалы жана шарттарына кызыкты.

Жолугушууда куруучулар өз иштеринин жүрүшү жана жердеги шарттар тууралуу маалымат беришти. Министр болсо эмгек шарттарына көңүл буруу жана иштерди сапаттуу бүтүрүү керектигин белгиледи.

Нурдан Орунтаев курулуштан эмес, куруучулардан кабар алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан