Бүгүн, 21-июнда Ош шаарында “Жибек Жолу” базарынын салтанаттуу ачылышы өтүүдө.
Мэриянын маалыматы боюнча, шаар сыртына чыгарылган базарда 1400 соода оруну даярдалды. Ал жакка биринчилерден болуп мурда “Келечек” базарында ижарада иштеп келген ишкерлер көчүп келип жайгашты.
Мындан тышкары базардын аймагында дагы 4 чоң ангар бар. Аларга Ош көчөсүндө соода кылган килем жана эмерек сатуучулар, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдары базарынын сатуучулары көчүрүлдү.
Кечинде ачылыштын урматына гала-концерт орун алат, анда баалуу белектер ойнотулат. Башкы байге — Changan үлгүсүндөгү жеңил унаа.