Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жайлоолордун биринде чагылган түшүп, 300гө жакын кой кырылды. Бул тууралуу маалыматтар интернет желесинде тарап жатат.
Күбөлөр окуя 18-июнда Сары-Кыр ашуусундагы жайлоодо болгонун белгилешүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты тастыктап, жарандардын арасынан жабыркагандар жок экенин билдирди.
Видео: Жумагүл Шайыкова