Биз социалдык тармакта

Ошто айрым аймактарда суу берүү убактылуу токтотулду. Анын себеби айтылды (видео)

19–21-июнь күндөрү жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Папан айылдарында жана Кызыл-Кыштак жылгасында сел жүрдү. Мындан улам Папан суу сактагычынан агып чыккан Ак-Буура дарыясынын суусу катуу ылайланып, көрсөткүчү нормадан ашып кеткен. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Адистердин сунушунун негизинде Ак-Буура дарыясынан суу алуу убактылуу токтотулду.

"Учурда Ош шаарындагы суу кампаларындагы запастагы таза суу калкка берилүүдө. Бирок системадагы басым төмөндөп кеткендиктен, шаарды толук көлөмдө суу менен камсыздоо мүмкүн болбой жатат. Суу берүү токтогон аймактарга коммуналдык кызматтар атайын техникалар аркылуу ичүүчү суу жеткирүүдө. Сууга муктаж болгон тургундар алдын ала билдирме калтырып кайрылса болот", - деп белгиленди маалыматта.

Ошто айрым аймактарда суу берүү убактылуу токтотулду. Анын себеби айылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан