Бишкек шаарында мото жана скутер айдоочуларынын катышуусундагы тартип бузууларды алдын алуу максатында түнкү рейддик иш-чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу калаанын Кайгуул кызматы билдирди.
Анын жүрүшүндө түнкү убакта ызы-чуу жараткан, тийиштүү документтери жок же жол эрежелерин бузуп жүргөн мото айдоочулары аныкталып, мыйзамга ылайык чаралар көрүлүүдө.
Ал эми транспорт каражаттары убактылуу айып короого токтотулуп, айдоочуларга укук бузуу жөнүндө тиешелүү протоколдор түзүлүп берилди.