Ош шаарынын мэриясы калаада "Жибек Жолу" базары ачылганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, базарда 1400 соода оруну даярдалган.
"Ал жерде эски базарда ижарада соода кылгандар биринчилерден болуп соода орун алып жайгашкан. Базарда 11ге чукул тамактануучу жай жайгашкан. Сулуулук салондору, кийим-кечек саткандар да орун алган",- деп билдирди мэриядан.
Базардын расмий ачылышы кечээ, 21-июнда өткөн.