
Нарын облусунда күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 86 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Анын күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында 2,5 баллды түзгөн.
Ал эми 19-июнда да өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Андагы силкинүүнүн очогу Кытайдын аймагында болуп, Нарын шаарынан 185 чакырым алыстыкта жайгашканы маалымдалган.
Учурда жер титирөөдөн жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат жок.